Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Сузакта түнкүсүн кароосуз жүргөн 24 өспүрүм аныкталды (фото)

27.07.2020 11:05
790
Сузакта түнкүсүн кароосуз жүргөн 24 өспүрүм аныкталды (фото)


Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, эмгекке тартылуусунун жана чоңдордун көзөмөлү жок түнкү убакытта көчөдө жүрүүлөрдүн алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү.


Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чаранын алкагында 45 коомдук жайларга (дүкөн, тамактануучу жана эт сатуучу жайлар, баня), ишканаларга текшерүүлөр жүргүзүлдү.


Текшерүүнүн жыйынтыгында түнкүсүн коштоосуз жүргөн 24 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Милиция кызматкерлери жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана татыктуу тарбия берүү керектигин түшүндүрүштү.


Мындан сырткары 4 өспүрүмдүн ата-энелерине материалдар топтолуп, аларга карата чара көрүү үчүн Сузак райондук администрациясынын алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын карамагына жөнөтүлдү.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн