Теке 07, 2025
Убакыт: 14:04
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Сузакта үч жерге мал базар уюштурулат

02.05.2020 11:42
1266
Сузакта үч жерге мал базар уюштурулат


Жалал-Абад облусунун Сузак районунунда үч жерге мал базар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-майдагы брифингде Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Эрмекбай Омошев айтты.


Анын айтымында райондо “Байэл” базарынан башка ишканаларга иштөөгө уруксат берилген.

 

“Санитардык-карантиндик тартиптерди сактоо менен өнөр жайлар, унаа тетиктерин саткан дүкөндөр иштеп баштады. "Байэл" базары ачылган жок. Жалал-Абаддын аймагындагы мал базарларды ачпай тургула деп премьер министр айткан. Мындан улам мал менен тиричилик кылгандар кыйналып калды деп үч жерге мал базар уюштурулат”, - деди Омошев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн