Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сузакта улуттар аралык ынтымакты чыңдоо иштери жүргүзүлүүдө

28.10.2020 17:33
527
Сузакта улуттар аралык ынтымакты чыңдоо иштери жүргүзүлүүдө


Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан улуттар аралык ынтымак, достукту бекемдөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ООИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери район аймагында ар улуттун өкүлдөрү менен жолугушуп, социалдык тармактар аркылуу таратылган такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырышууда. Кыргызстан көп улуттуу өлкө экендиги айтылып, алар бири-бири менен тыгыз карым-катнашта болушуп, ынтымактуу жашап келишкендиги белгиленүүдө.


Кээ бир учурларда улуттар аралык араздашууну козуткан маалыматтар тараган болсо, сабырдуулук менен жеңүү керектиги жана жаралган кырдаал боюнча милицияга билдирүү зарылдыгы айтылды. 


Мындан сырткары жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан мектептерде чакан форматтагы мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Окуучуларды аралыктан окутуу учурунда ар бир баланын сабакка катышуусун көзөмөлгө алуу керектиги айтылды.


Ата-энелерге өз балдарын түнкү убакыттарда көчөгө чыгарбоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле окуучулардын мектеп программасын шылтоо менен уюлдук кол телефондорду көп колдонуусу зыяндуу экендиги жеткирилди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн