Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сузакта унаанын алдыңкы орундугуна жаш балдарды отургузган учурлар текшерилди

25.08.2020 16:37
848
Сузакта унаанын алдыңкы орундугуна жаш балдарды отургузган учурлар текшерилди

 

Сузак районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындагы жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу багытындагы милициянын иш-чаралары улантылууда.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Иш-чаранын алкагында өспүрүмдөргө велосипед менен чоң көчөлөргө чыкпоо керектиги эскертилген. Айдоочуларга жаш балдарды унаанын алдыңкы отургучуна отургузбоо зарылдыгы жеткирилип, жол эрежелерине баш ийүү керектиги айтылган.

 

Ошондой эле милиция кызматкерлери ата-энелерди күн ысык мезгилдерде балдарына көзөмөл кылып, алардын кооптуу аймактардан сууга түшүүсүнүн алдын алууга чакырышкан. Жайкы эс алуу учурунда окуучулар коомдогу жат көрүнүштөргө аралашып калуусун болтурбоо жана кароосуздуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн