Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сузакта жергиликтүү тургундун үйүнөн 2 кг баңгизат табылды

15.08.2023 17:40
394
Сузакта жергиликтүү тургундун үйүнөн 2 кг баңгизат табылды


Сузак районунун жергиликтүү тургунунун үйүнөн 2 килограммга жакын баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июлда милицияга Сузак районунун аймагында "А" аттуу жаран ири өлчөмдө баңгизатын сатып жана таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "А" аттуу жарандын өздөгү аныкталып, ал Сузак айылынын тургуну 1997-жылы туулган Х.Т.А. болуп чыккан.

"11-август күнү шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы сарайдан каптарга салынган банкалардын арасынан 2 даана скочт менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар салмагы болжол менен 2 килограммга жакын баңгизаты табылды", - деп айтылат маалыматта.

Алынган заттарды так аныктоо максатында атайын соттук-химиялык экспертиза дайындалып, шектүү райондук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн