Сузакта жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда болжол менен 21:10 чамасында Сузак районунда 1970-жылы туулган Б.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.
Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары Сузак РИИБдин жана Сузак районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Издөө бөлүмү тарабынан Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын 2004-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочусу кармалган.
Азыркы учурда унаа айып короо жайына токтотулуп, кылмышка шектүү жаран андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Сузак РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн