Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:29
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сузакта зомбулуктун алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө

14.08.2020 09:52
960
Сузакта зомбулуктун алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө

 

Сузак районунун аймагында зордук зомбулук  фактыларын болтурбоо максатында алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Сузак районунун аймагында үй-бүлөлүк зомбулук, өзүн-өзү өлтүрүү (суицид), сууга чөгүүлөрдү болтурбоо, мигрант ата-энелердин балдарын жана жаш өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу учурларындагы тартип бузуусун көзөмөлдөө максатында, тийиштүү мекеменин кызматкерлери тарабынан айыл аймактарда чакан форматта чогулуштар өткөрүлүп, протоколдор түзүлүп, жергиликтүү тургундарга өзгөчө көзөмөлгө алынган атуулдар менен иш алып барууда.


Ошону менен катар милициянын профилактикалык каттоосунда турган, чыр-чатактуу жана социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн саны такталып, милициянын участкалык уполномоченныйлары тарабынан алдын-алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн