Бештин айы 04, 2024
Убакыт: 14:58
USD
86.65
87.15
EUR
90.80
91.80
RUB
0.820
0.860

Сузактагы бакчада балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилет, - министрлик

03.12.2024 09:51
25
Сузактагы бакчада балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилет, - министрлик


Сузактагы бакчада балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.


Бүгүн соцтармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 "Кенжетай" балдар бакчасынын тарбиячылары балдарды сабап жаткан видео тараган.


Бул боюнча Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирди.


"Балдар бала бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт жана катуу тыюу салынат. Ошондуктан жогорку окуя тыкыр иликтенип, жооптуу кызматкердин баарына катуу чаралар көрүлөт", — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.


Ошондой эле аталган окуя Сузак РИИБинде катталып, бирок фактыны прокуратура текшерип жаткандыктан топтолгон материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн