Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сузактагы таш жүктөп бара жаткан унаа оодарылып, жол четиндеги кызды басып калды

01.11.2021 14:43
699
Сузактагы таш жүктөп бара жаткан унаа оодарылып, жол четиндеги кызды басып калды

Сузак районуна караштуу Ленин атындагы айыл өкмөттүн Жыгач-Коргон айылында таш жүктөп бараткан «КамАЗ» оодарылып, жол четинде бара жаткан 10-класстын окуучу кызын басып, жабырлануучу окуя болгон жерден мерт кетти. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.


Жашоочулар окуя кечээ, 31-октябрда күндүз болгонун, жол четинде бараткан Айпери аттуу окуучу кыз оор жүк ташуучу унаадан качканына карабастан кырсыктан каза тапканын айтышты.


«Таш жүктөп бараткан унаа оодарылганда кызды кошо басып калган. Байкуш кызды ошол таштын түбүнөн табышты. Мерт кеткен экен. Ал болгону 15 жаштагы кыз болчу. Деги айдоочулар ылдамдык дегенди сактабайт», - дешет элеттиктер.


Унаага болжол менен 5-6 тоннадай таш жүктөлгөн.


Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБ окуяны ырастады.


«Октябрь айылынын тургуну С.С. өзүнүн “КамАЗ-5511” унаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй баратканда рулду башкара албай, жолдун оң тарабына оодарылып, жаш кызды басып калган. Унаага таш жүктөлгөн. Бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат», - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.


Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн