Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Сузактагы зордук зомбулукту уюшулуп жасалган иш катары баалоого болот, - Токтайым Үмөталиева

18.06.2020 09:39
1339
Сузактагы зордук зомбулукту уюшулуп жасалган иш катары баалоого болот, - Токтайым Үмөталиева


Сузак районунда жубайын кордогон адам жазасын алууга тийиш. Анткени бул жерде төрттөн ашык берене боюнча өтө оор кылмыш жасалып жатат, деп билдирди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.

 

Анын айтымында, биринчиден аялын ачык-айкын мазактап, видеого тартып, дөңгөлөктү илип алып бетине суу чачканы – адамдын өмүрүнө коркунуч түзгөн жагдай деп эсептелет. Демек, адам өмүрүнө коркунуч келтирүү өзгөчө оор кылмыштын түрүнө кирет. Анын өзгөчө оор кыйноого (с применением таких форм пыток с введение видеосьемок) жатат.  Ошондуктан тосмо арыз таасир берип, зөөкүрдүн абалын жеңилдетүү менен үй камакка чыгарууга жол бербейт.

 

Менин оюм боюнча, төрттөн көп берене менен иш козгосо болот: атайын билип туруп мыкаачылык кылуу, мазактоо, кыйноо жана Массалык маалымат каражаттарына таркатуу үчүн өзүнүн кылмышын атайын видеого тарттыруу. Муну менен ал өзүнүн жасаган ишин тастыктап бекитип жатат. Керек болсо бул адамдын психикасы жайындабы же жайында эмеспи текшерүүгө алынышы шарт. Ал эми кордолгон адамга ИИМ иш козголуп бөгөт чарасын сот аркылуу бекитүүдө коопсуздук ордерин жазып берүүгө тийиш”, - деп билдирди укук коргоочу.

 

Анын пикиринде, бул окуяны маңдайында туруп тартып жаткан адамдын да жоопкерчилиги каралышы керек. Эгерде ал баласы же кызы болуп аны коркутуу менен тартышса эки кишиге кол салууга жатат. Ал эми ал бөлөк адам болуп өз эрки менен келип тартканга жана кылмыш иш жасаганга жардам берсе, анда уюшулган топтун кылмышы болуп саналат. Себеби уюшулуп жасалган кылмыш катары да баалоого болот. Мындай учурда адегенде бардык жагдай тыкыр иликтенип, сот тарабынан юридикалык баа берилиши зарыл. Ошондуктан тосмо арыз бул жерде роль ойной албайт, ачыкка чыгып атайын жарыяланган окуя катары да карап баа бериши керек жана кыскартууга мыйзам жол бербейт.

 

Ошондой эле бул адамдын мүлкүн караш керек. Аялы менен никеси бар болгон соң балдары бар болсо, ошол мүлктөргө арест койдуруп койсо болот жана мүлк ээси аялы болот. Себеби өзгөчө зөөкүрлүк иштеринен улам бул аял өзүнчө психикалык жактан жана денесине келтирген зыяндуулугун баалап  бериш керек. Эртеңки күнү ал дары-дармек алып же дарыгерлерге барышы керек”, - деп кошумчалады Үмөталиева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн