Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

12.04.2023 11:57
708
Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Свердлов РИИБнын тергөөчүсү пара алып аткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кабарлады.


УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 


2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү Ж.А.Т. кармалды.


Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.Т. кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. 


Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн