Свердлов районунда мүлкүнүн салыгын төлөбөгөн жактарга рейд жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Свердлов районунун жергиликтүү бюджетинин киреше жагын толтуруу жана кошумча салык булактарын аныктоо максатында азыркы учурда Свердлов районунун аймагында транспорт салыгына болгон жана патенттик негизде иштеген ишкерлерге рейддик иш- чаралар өтүүдө.
Аталган рейддик иш -чаралар Свердлов райондук салык кызматынын, Бишкек шаарынын патрулдук милициянын жана муниципалдык администрациянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн