Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Свердлов шайлоо округунан талапкер Муртазалиевдин адамдары добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалды

22.02.2022 12:17
624
Свердлов шайлоо округунан талапкер Муртазалиевдин адамдары добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалды

Добуш сатып алууга шектелип Свердлов шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер А. Муртазалиевдин үгүтчүлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, тергөө кызматына Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкердин адамдары добуш сатып алып жатат деген маалымат түшкөн.


Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө шаардык милициянын кызматкерлери 21-февралда С.Л. жана Т.Ф. аттуу жарандар жанында 210 миң сом накталай акча менен кармалган.

Милициянын маалыматына караганда, ал акчалар добуш сатып алууга бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн