Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Светлана Кенжебаева: Мугалимдерге татыктуу жашоону камсыз кылышыбыз керек

31.03.2021 13:24
2292
Светлана Кенжебаева: Мугалимдерге татыктуу жашоону камсыз кылышыбыз керек


Кенжебаева Светлана Козубаевнаны эмгектин адамы деп айтсак жаңылышпайбыз. Кесиби боюнча педагог, андан сырткары юридикалык билими да бар. Жалпы 40 жылдай эмгек стажына ээ. Эмгек жолун жөнөкөй мугалим болуудан баштап, талыкпаган аракетинин, кесипкөйлүгүнүн аркасы менен ар кандай жетектөөчү кызматтарда да иштеп келет. Соңку учурларда Бишкек шаарынын Свердлов районунун Билим берүү борборун жетекчиси болгон. Андыктан, эмгекти сүйгөн инсандын Бишкек шаардык кеңешине "Эмгек" партиясы менен аттанып жатканы да жөн жерден эместей. 


- Алгачкы жолу шайлоого катышып жатасызбы?


- Жок. Биринчи жолу 2008-жылы шаардык кеңешке талапкерлигимди коюп, бирок ал оңунан чыккан эмес эле. Азыр менде билим менен тажрыйба жетиштүү. Эмне үчүн "Эмгек" партиясын тандадың дегенде, анын эмгекке берилгендик жана жаратуучулук деген философиясы мага жакын демекчимин. Бул жашоодо эмгектенбей туруп бир нерсеге жетүү мүмкүн эместигин өзүмдөн улам билем. Эгерде ак ниеттүүлүк жана кунт коюу менен иштесең айланадагылар аны сөзсүз байкайт. Жашоодо эч бир нерсе мага оңой-олтоң келген жок. Адамдар менин эмгегимдин үзүрүн көрүп, татыктуу баасын берип келишет. 

"Эмгек" партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков партиянын бардык мүчөлөрүн сатылып кетпей таза иштөөгө чакырды. Шайлоочулар буга карата туура баасын беришет деп ишенемин. 


- Шайлоого кандай идеялар менен бара жатасыз?


- Билим берүү системасындагы жетишпегендиктерди оңдоо ниети менен баратам. Мугалим катары, биз үчүн маанилүү болгон нерсе - жаш муундун билими менен саламаттыгы экенин жакшы билем. Педагог жана жетекчи катары билим берүү системасындагы маселелерди көрүп, түшүнүүдөмүн. Билим берүү жеткиликтүү жана сапаттуу, ал эми окуу усулдары менен программа ага төп келиши шарт. Биринчиден, материалдык жана моралдык түзөөлөрдү киргизүү менен мугалимдик кесиптин абройун көтөрүү зарыл. Экинчиден, билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу керек. 


Ички миграциянын агымынан жана Бишкек шаарында калктын көптүгүнөн мектептер менен бала бакчалар жетишсиз болууда. Бул маселе көбүнчө жаңы конуштарда даана байкалат. Балдарга кошуна райондорго барып окуп келүүгө туура келүүдө. Мектептер болсо толуп калган. Бала бакчалардын абалы деле жакшы эмес. Ошондуктан, колдон келишинче мектептерди жана бала бакчаларды куруу зарыл. Көптөгөн мугалимдер турак жай маселесинен жабыркап келишет. Алар үчүн үйлөр курулбайт. Алар керек болсо өргүү учурунда да ойдогудай эс ала алышпайт. Шарты жакшы эмес пансионаттарга жиберип коюшат. Мугалимдер жайлуу турмушта жашоого татыктуу.


- Эмне себептен мугалимдер үчүн татыктуу жашоону куруп берүү керек деп ойлойсуз? 


- Материалдык жана моралдык түзөөлөрдү киргизүү менен мугалимдик кесиптин абройун көтөрүү зарыл жана билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу абзел. Бул нерселерден биздин келечегибиз түздөн-түз көз каранды. Мугалим балдарга эң негизгиси нерсени - билимди берип жатат. Сабаттуу адамдар гана Кыргызстанды гүлдөтө алат!


“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдыласова Суйоркан Асанбековна
Светлана Козубаеванын чечкиндүү кадам жазганы кубанды .Иш билги ,жумшак жана жайдары мүнөзу менен элдин колдоосуна алынып келечекте жаңы конуштардагы билимге байланышкан көйгөйлөрдүн кобун чечет деп ишенебиз.