Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Светтин баасы көтөрүлөт. Энергетика министрлиги тарифти карай баштады

30.03.2021 19:19
3689
Светтин баасы көтөрүлөт. Энергетика министрлиги тарифти карай баштады

Энергетика министрлиги тарифти карай баштады. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" министрликке таянып билдирди. 


Ага ылайык, министрлик Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа дүйнөдөгү эң арзан тариф деп эсептейт.


"Энергетикалык компаниялардын карызы (кредит, ссуда) дээрлик 129 миллиард сомду түзөт. Деген менен электр энергиясын өндүрүүдөн азыркы тариф менен түшкөн каражат, кредит төлөө жана энергетикалык компаниялардын чыгымдарынан аз болуп, ордун жаппай калууда. Мындан улам чыгымдарды оптимизациялоо муктаждыгы жаралды. Болбосо тынбай чыгымдарды кыскартуунун, оңдоо иштерине жана капиталдык салымдарга каражаттын бөлүнбөй калышынын кесепети тиет. Авария жана өчүрүүлөр көбөйүшү мүмкүн. Буга байланыштуу азыркы орто мөөнөттүү тарифтик саясатты кайра карап чыгуу максатка ылайык. Калктын муктаж катмары үчүн социалдык тариф, калгандарына экономикалык негиздүү тарифти колдонуу шарт", — деп билдирген министрлик.




Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бакай Туратбеков
Жаз. Светтин баасын кайра карап чыгуудан бир нерсенин үстүнөн чыкчу эле. Классика