Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Светтин наркы 5 сомго чейин көтөрүлөбү?

30.12.2020 10:00
943
Светтин наркы 5 сомго чейин көтөрүлөбү?


Учурда Кыргызстан энергетикалык кризиске туш болду. Бул тармактын адистери абал күн сайын кыйындап баратканын, буга Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн төмөндөп кеткенин негизги себеп кылууда. Ал арада электрдин баасына карата талкуулар кайрадан жанданды. «Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун» башкы директору Таалайбек Байгазиев светтин наркын көтөрүү маселесин айтып чыкты.


«Тарифтерди көтөрүш керек. Анткени электр энергиясын керектөө көбөйүп жатат. Кубаттуулук көп керектеле баштады. Экономиканы дагы өнүктүрүш керек, завод-фабрикаларды иштетиш керек. Албетте, буга дагы көп кубаттуулук зарыл. Дагы линиялар тартылышы керек. Мунун баары кошумча каражаттарды талап кылат. Бул эмненин эсебинен болот? Бул тарифтердин эсебинен болот. Дароо көтөрбөсө да, аз-аздан, пландык чек менен кымбататтса болот. Башкысы, бул калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө зыян келтирбегидей жагдайда жүрүшү керек», - дейт ал.


Буга чейин да ушул маселе көтөрүлгөндө электрдин КМШ мамлекеттериндеги баалары мисалга алынып, бизде арзан болуп жатканы көп айтылчу. Эгер биз аталган уюмга мүчө мамлекеттерге бааны теңдештире турган болсок, анда светтин наркы 5 сомго чыгышы мүмкүн. Анткени светтин баасы Арменияда 5,74 —7,38 сом, Азербайжанда 5,13, Россияда 5,54 сомдон сатылат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Сыртка темно сатпасанар еле свет которулбойт баасы