Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

T-Media: Депутаттардын, чиновниктердин изи. Мыйзамсыз курулуштардын ээлерин текшеребиз

27.12.2023 10:31
409
T-Media: Депутаттардын, чиновниктердин изи. Мыйзамсыз курулуштардын ээлерин текшеребиз


Өткөн аптада Мамлекеттик курулуш агенттиги Ош шаарында мыйзамсыз деп табылган көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады. Мекеме жарандарды алардан батир албоого чакырып жатат. Тизмеде калаада салынып бүткөн, курулуп жаткан 17 турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген.

Кайсы даректеги үйлөр уруксатсыз салынган? Алардын ээлери ким? T-Media компаниялар тууралуу маалыматтарды чогултту. 

"Дастан Курулуш" жана "Эмаком"

Мыйзамсыз салынды делген көп кабаттуу үйлөрдүн бешөө Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты Эмилбек Жусуповдун бир тууган иниси Мелис Жусуповго таандык. "Дастан Курулуш" компаниясына таандык үйлөрдүн бири Ош шаарынын Ленин жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.


Компаниянын экинчи объектиси Ашимахунов көчөсү №26 дарегине курулган. Фирма жыл башынан бери бюджетке 1,5 миллион сомдон ашык салык которгон. Бул анын ийгиликтүү иштеп жатканын айгинелейт.  



Мындан тышкары Мелис Жусуповго таандык "Эмаком" компаниясы курган үч турак-жайы да мыйзамсыз деп табылган. Алар Матисаков, Шакиров жана Ленин көчөлөрүндө жайгашкан.







Юстиция министрлигинин сайтында Мелис Жусупов курулуш компаниянын жалгыз негиздөөчүсү жана директору деп көрсөтүлгөн.  Жыл башынан бери "Эмакомдон" Ош жана Бишкек шаарларынан үй алгандар бир нече нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн. Депутаттын иниси жогорудагы эки компаниядан башка дагы бетон чыгаруучу "Эмаком Бетон Плюс" жана "Эмаком 3222" такси кызматына ээлик кылат.

"Евро Стиль" 

Бул компаниянын көп кабаттуу турак-жайы Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн орун алган. 


Фирманын директору катары Нурсултан Исматиллаев, негиздөөчүсү катары мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулу көрсөтүлгөн. 



Рахманберди уулу 2020-жылы «Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык» деп президентке кайрылган спортчу. Ал ошол убакта Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеп жаткан Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы жегенин, алар "арыз жазсаң каматабыз" деп опузалаганын айтып чыккан. 

"Долина Строй" жана "Пик Стиль Строй Холдинг"



Ленинабад жана Ленин көчөлөрүндө салынган бул көп кабаттуу үйлөр "Долина Строй" жана "Пик Стиль Строй Холдинг" компанияларына таандык. Экөөнө тең  Руслан Абдуллаев ээлик кылат. 


"Пик Стиль Строй Холдингдин"Ленин көчөсүндөгү турак-жайы Сулайман-Тоо буфердик зонасына курулган. Ош шаардык архитектуралык курулушту көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы аталган объектке 2019-жылы пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, курулуш иштерин токтоткон. Бирок компания кийин өз билемдик менен уланта бергендиги үчүн иш Ош облустук райондор аралык сотуна өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары Руслан Абдуллаев "РаянСтрой" курулуш компаниясын жетектейт. Фирманын негиздөөчүсү катары Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, "Бойка" деген каймана ат менен таанымал Алмаз Абдукаримов көрсөтүлгөн. Буга чейин Абдукаримовдун ысымы жер чырына байланыштуу бир нече жолу аталган. 2018-жылы облустук прокуратура ага карата кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Ош облустук сотунун 2019-жылдагы чечими менен Алмаз Абдукаримовго 2 млн 300 миң сом айып салынган.

"Пик Групп"

"Пик Групп" компаниясынын турак-жайы Ош шаарынын Кулатов кичи району №18-1 дареги боюнча салынган.


Фирма 2020-жылы кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүлөрүүн катарында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков, 2021-жылы мыйзам бузуулардан улам жыйынтыгы жокко чыккан Ош шаардык кеңешине шайлоого "Ыйман Нуру" партиясынын тизмеси менен катышкан Анарбек Кулов бар. Ал учурда Ош облусуна караштуу Алай районунун Сопу-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштейт. 

"Пик Групп" компаниясын негиздегендердин катарынан Мухамаж Осмонали уулу бар. Жергиликтүү басылмалардын биринде анын ысымы "Курулуш компанияны алдап кеткен жаран" тууралуу макалада айтылат.


"Капитал Строй Инвест ЛТД"

Курулушка тийиштүү уруксат кагаздарын албаган компаниялардын арасында "Капитал Строй Инвест ЛТД" да бар. Бул фирма көп кабаттуу үйүн калаанын Аскар Шакиров көчөсүнө курган. 


Аталган компания 2021-жылы  кайра каттоодон өткөн. Турак жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенет. Директору жана тең негиздөөчүсү катары Бактыяр Арзыматов, дагы бир незиздөөчүсү катары Болотбек Жумаев көрсөтүлгөн. 

 "Бизнес Хаус"

Мамкурулуштун тизмесине "Бизнес Хаус" ЖЧКсынын эки дарек боюнча жайгашкан курулушу кошулган. Бири Туран аймактык башкармалыгындагы Төлөнов көчөсүндө, экинчиси Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан. Учурда эки үйдүн тең пайдубалы тургузулуп бүткөнүн көрүүгө болот.



Аталган компанияга төрт адам ээлик кылат. Алар: Алар: Акрам Артуков, Алишер Маматов, Жамолдин Балтабаев жана Анвар Азимов. Компания Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы Курманжан датка көчөсү 646 дарегинде жайгашкан. 2022-жылы Ош шаардык прокуратурасы компанияга мыйзамсыз курулуш үчүн кылмыш ишин козгогон. 

"Бизнес Хаус" компаниясын түптөгөндөр текстиль, булгаарыдан жасалган буюмдарды чыгарган жана  жашылча-жемиштерди дүңүнөн саткан компанияларга дагы ээлик кылышат. 

"Альшараф" 

Мамлекеттик курулуш агенттигинин кара тизмесине Монуев көчөсүндө жайгашкан бул көп кабаттуу үй дагы кирген. Объектти "Альшараф" жоопкерчилиги чектелген коому салган.  курулуш компаниянын жалгыз негиздөөчүсү Бахрам Махмудов, ал эми директоруИлхом Махмудов. 2020-жылдан бери аталган компания бюджетке дээрлик 1 млн 800 миң сом салык которгон. 


 "Сулайман групп"

"Сулайман групп" курулуш компаниясынын көп кабаттуу үйү калаанын Гастелло көчөсү №1,3 дарегине курулган. OsOO.kg сайты фирманын ээси Оромонов Топчубай Аскербекович экенин маалымдайт. "Сулайман групп" жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке дээрлик 1 млн сомго жакын салык төккөн. 


Топчубай Ормонов мындан башка дагы "Амир Строй" деген курулуш компаниянын негиздөөчүсү. 

Бекмурзаев Айбек

Жеке ишкер Айбек Бекмурзаев мыйзамсыз салып жатат делген көп кабаттуу турак-жай Алиев №99 дарегинде жайгашкан. "Фейсбук" социалдык тармагында анын аты-жөнүнө дал келген аккаунт бар. Анда Бекмурзаев президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөнү маалымдалат.

"Астра Плюс" 

Тизмеге "Астра Плюс" курулуш компаниясынын да эки объектиси да кирди. Бири Алишер Навои, экинчиси Тилекке Баатыр көчөсүндө жайгашкан. 


Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык, "Астра Плюсту" Манас Эсенкулов негиздеген. Ал 2021-жылы жыйынтыгы жокко чыккан Ош шаардык кеңешине шайлоого “Ыйман Нуру” партиясы менен катышкан.  Ачык булактарда компания экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары болгон Алмамбет Салиевге таандык экени тууралуу маалыматтар бар. 

Жыйынтык: Ош шаарында мыйзамсыз салынган көп кабаттуу үйлөр  азыркы жана мурда иштеп кеткен чиновниктерге жана саясатчыларга, алардын жакындарына таандык. 

Булак: T-Media

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн