Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 15:35
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

ТИМ: 20дан ашык кыргызстандык Израилден чыгып кетүү ниетин билдирди

12.10.2023 08:50
313
ТИМ: 20дан ашык кыргызстандык Израилден чыгып кетүү ниетин билдирди


Жыйырмадан ашык Кыргызстандын жараны Израилден чыгып кетүүнү пландап жатканын ТИМ билдирди.


“Элчилик Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына телефон чалып, актуалдуу тизме түзүүдө. Учурда тизмеде 90дон ашуун адам бар, алардын ичинен 20дан ашыгы Израилден чыгып кетүүнү пландап жатат. Аларды аталган өлкөдөн сыртка алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иштелип жатат”, — деп айтылат маалыматта.


Ведомство күнү-түнү иштеген ишеним телефонун жана Израилдеги Кыргызстандын жарандарына көмөк көрсөтүү боюнча Ыкчам штаб түзүлгөнүн эске салды.


Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган кыргызстандыктардан коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чекара аймактарына барбоону өтүнөт.


Күнү-түнү иштеген ишеним телефондору:

+90 5456896800 — элчилик;

+972 533214916 — Кыргызстандын Израилдеги консулу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн