Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 08:04
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ТИМ Алматыдан 14, Нур-Султандан 15 жаранды эвакуациялады

10.01.2022 10:36
847
ТИМ Алматыдан 14, Нур-Султандан 15 жаранды эвакуациялады

Казакстан Республикасында болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдөгү жарандарга укуктук-консулдук жардам көрсөтүүнүн алкагында учурда Казакстандын аймагынан кайтып жатышкан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялап келүү боюнча иштер уланууда.


КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын уюштурулган транспортто Кыргызстандын 14 жараны эвакуацияланды, арасында аялдар жана балдар бар.


Андан тышкары, Нур-Султан эл аралык аэропортундагы авиарейстердин токтотулгандыгына байланыштуу темир жол аркылуу 15 КРнын жараны мекени кайтарылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн