Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 12:28
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

ТИМ: Дубай шаарында кыргызстандык жаран изделүүдө

25.10.2024 09:19
18
ТИМ: Дубай шаарында кыргызстандык жаран изделүүдө


Дубай шаарында кыргызстандык жаран изделүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Дубай шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу ыкчам түрдө шаардын ыйгарым укуктуу органдарына дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны А.Б.ны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жоголгон жарандын туугандарынан алынган акыркы маалымат боюнча, аталган жаран Дубай шаарынын аэропортунда болгон жана чет жакка учууну пландап жаткан.

"Ушуга байланыштуу Башкы консулдуктун кызматкерлери ыкчам тартипте аэропортко барган, бирок тилекке каршы жыйынтыгы болгон эмес. Ошол эле учурда Башкы консулдуктун кызматкерлери Дубай шаарынын иммиграция бөлүмүнөн аталган жаран Бириккен Араб Эмираттарынын аймагынан чыкпагандыгын аныкташкан", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда КР Башкы консулдугу А.Б.ны издөө боюнча иш-чараларды улантууда жана Дубай шаарынын ыйгарым укуктуу органдары, ошондой эле дайынсыз жоголгон жарандын туугандары менен байланышта турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн