Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ТИМ Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн таанылышы боюнча билдирүү таратты

08.02.2024 16:43
249
ТИМ Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн таанылышы боюнча билдирүү таратты


Казакстандын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн таанылышы боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.


Буга чейин депутат Эмил Токтошев Казакстанда жашап турууга уруксаты бар кыргызстандыктарга ата мекендик күбөлүк менен унаа айдоого тыюу салынып жатканын айткан. Эл өкүлү алар Казакстандын айдоочулук күбөлүгүн алууга мажбурланып жатканын белгилеп, бул Кыргызстан менен Казакстан кабыл алган жол кыймылы боюнча эл аралык конвенцияны бузуу болуп саналарын кошумчалаган.


"Казакстандын аймактык административдик полициясынын (автоунаа инспекциясынын) кызматкерлери тарабынан эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган айрым фактылар байкалууда. Мындан улам алар ички мыйзамдардын жоболору боюнча айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышат. Министрлик казак тарапка Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү коңшу өлкөнүн аймагында да күчүн жоготпой турганын полиция кызматкерлеринге түшүндүрүп коюуну өтүндү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча казак тарап зарыл болгон маалыматтык иштер жүргүзүлөрүн билдирди", — деп жазылат министрликтин кабарында.


ТИМ элчилик бул маселе боюнча иштеп жатканы, жакында Казакстандын ИИМ жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландаштырылганын кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн