Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кыргызстандык жарандын кармалышы боюнча билдирүү таратты.
"Учурда министрлик Казакстандын компетенттүү органдары менен биргеликте бул жарандын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.
Министрлик Казакстандагы мекендештерди жашаган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, чыр-чатактарга катышпоого, эл көп чогулган жерлерден алыс болууга жана жашаган жеринде болууга чакырат",- деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн