Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:21
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ТИМ Казакстандагы "Алтын Орда" базарында соода кылган кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүүдө

15.02.2024 10:01
113
ТИМ Казакстандагы "Алтын Орда" базарында соода кылган кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүүдө


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Алматы шаарындагы "Алтын Орда" базарында соода кылган кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кыргызстандык ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү жөнүндө келип түшкөн жамааттык арызына Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан тийиштүү чара көрүлүүдө.

Башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы Өкүлчүлүгүнө жана Алматы облусунун Карасай райондук полиция бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу (нота) жөнөттү. Жакынкы күндөрү “Алтын Ордо” соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу пландаштырылууда.

"Учурда казакстан тарап, бул жагдайды жөнгө салуу боюнча Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат. Арыз ээлерине ар тараптуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Казакстан Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жаралган маселени чечүү үчүн жактоочу алуу боюнча сунуштар берилди.

Бул маселе Министрликтин жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин көзөмөлүндө турат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Алматы шаарындагы "Алтын Орда" базарында Кыргызстандын барган ондогон ишкерлердин контейнерлери алынып кеткенин билдирген. Депутат базардагы соодагерлер президентке кайрылуу жолдоп жатышканын айтып, КР Тышкы иштер министрлигинен учурдагы кырдаал боюнча маалымат берүүнү жана ишкерлердин маселесин чечүүнү талап кылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн