Бугу 20, 2025
Убакыт: 15:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.082
1.120

ТИМ Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу эскертет

20.05.2025 09:19
20
ТИМ Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу эскертет


Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу эскертет.


Маалыматка караганда, Россия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 30-июндан тартып өлкөнүн аймагына кирүүнү пландаштырган чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Россия аймагына кирүүгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен өлкөгө баруунун жана анын аймагында жүрүүнүн (жашоо) максатын көрсөтүү менен мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арыз берүү талап кылынат. 


Шашылыш дарылануу, катуу оору же жакындарынын өлүмүнө байланыштуу жагдайларда, аны тиешелүү  документтер менен ырастоо аркылуу Россияга кирүүгө чейин 4 сааттан кечиктирилбестен мобилдик тиркеме аркылуу кабарлашы зарыл.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн