Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ТИМ Тажикстанда тыңчылыкка шектелип соттолгон кыргызстандык тууралуу маалымат берди

11.03.2024 14:51
132
ТИМ Тажикстанда тыңчылыкка шектелип соттолгон кыргызстандык тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда соттолгон кыргызстандык Кубатбек Юлдашев тууралуу маалымат берди.


Аталган маселени буга чейин парламенттин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов көтөрүп чыккан. Анын айтымында, 2022-жылдын августунда 36 жаштагы Кубатбек Юлдашев Тажикстанда жашаган ата-энесинен кабар алганы барганда кармалып, 13 жылга эркинен ажыратылган.


ТИМ Юлдашев кармалгандан бери андан кабар алынып турганын белгиледи.


"Кыргызстандын жаранынын апасы жана туугандары менен байланыш бар, аларга Юлдашев тууралуу маалымат берилип турат", — деди ТИМден.


Министрлик Юлдашевди мекенине которуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлап, бирок тагылган айыптын оордугуна байланыштуу бул иштер көпкө созуларын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн