Кулжа 17, 2024
Убакыт: 15:38
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

ТИМ: Түркияда көз жумган кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинет

23.06.2022 16:15
606
ТИМ: Түркияда көз жумган кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинет


Кыргызстандын Башкы консулдугу Туркиянын Гиресун провинциясында жарандык никедеги күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн кыргызстандык келиндин сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жагдай министрликтин көзөмөлүндө турат.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 20-июнунан 21-июнуна караган түнү Гиресун провинциясынын токоюнан зомбулуктан каза болгон аялдын сөөгү табылып, ал 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. экени аныкталган. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген түрк жарандары М.А. жана Х.Ч. кармалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн