Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:40
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ТИМ: Жакынкы Чыгыштан 99 кыргызстандык кайтарылды

20.02.2024 17:29
144
ТИМ: Жакынкы Чыгыштан 99 кыргызстандык кайтарылды


Жакынкы Чыгыштан Кыргызстандын 99 жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алар өлкөгө бүгүн алынып келди, анын ичинен 28 аял жана 71 бала.

"Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги "Айкөл 5" гуманитардык миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз тарап оор абалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча бешинчи ири атайын операцияны ийгиликтүү өктөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн жана логистикалык колдоого америка тарапка жана эл аралык өнөктөштөргө өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн