Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ТИМ башчысы менен Түркия элчиси президент Эрдогандын Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулады

25.01.2024 15:26
287
ТИМ башчысы менен Түркия элчиси президент Эрдогандын Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулады


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылдын февралында Анкарада өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ушул жылы Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн