Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

ТИМ башчысы орусиялыктарга массалык түрдө жарандык эмне үчүн берилип жатканын түшүндүрдү

30.08.2023 13:42
581
ТИМ башчысы орусиялыктарга массалык түрдө жарандык эмне үчүн берилип жатканын түшүндүрдү


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы эмне үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгы белгилүү орусиялыктарга берилип жатканын түшүндүрдү. Бул тууралуу DW телеканалынын эфиринде Жээнбек Кулубаев билдирди.


Алып баруучу белгилегендей, Кыргызстандын жарандыгы көп санда берилип жатат. Аны алгандардын арасында саясатчылар да, ишкерлер да, алардын үй-бүлөлөрү да бар.


Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Кыргыз Республикасына кайтып келгендер көп. Булар Россия Федерациясында бир канча убакыт жашап, Орусиянын жарандыгын алган орус тилдүү биздин жарандар. Бирок ал жакта мобилизация башталгандыктан, алар Кыргызстанга кайтып жатышат.


«Балким бирөөнүн туугандары, карыган ата-энеси бардыр. Көптөр кайрылып жатышат. Бул жерде биз баш тарта албайбыз. Саясий дегениң бир-экөө гана. Бул жерде бизнес ачышат, бул жерде алардын туугандары жашайт. Бизде эркин өлкө. Биз "сиз оруссуз, биз сизге жарандык бере албайбыз" деп айта албайбыз. Эгерде ал Кыргыз Республикасынын жараны болгусу келсе, анда эмнеге болбосун?», - деди Тышкы иштер министри.


Ал ошондой эле Кыргызстандын жети миллион калкы бар экенин баса белгиледи. Республика ири долбоорлорду баштайт, ага жумушчу күчү жетишпейт. Ошондуктан, өлкө каалагандарга жарандык берүүгө кубанычта.


Эске салсак, буга чейин президенттин администрациясы КР жарандыгын алгандар боюнча маалыматтарды жашырганы белгилүү болгон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн