Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

ТИМ башчысы "Европа Биримдиги — Борбордук Азия" экинчи саммитинин алкагында талкуулана турчу маселелер тууралуу айтып берди

02.06.2023 15:41
296
ТИМ башчысы "Европа Биримдиги — Борбордук Азия" экинчи саммитинин алкагында талкуулана турчу маселелер тууралуу айтып берди


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге берген маегинде Чолпон-Ата шаарында өтө турган "Европа Биримдиги — Борбордук Азия" экинчи саммитинин алкагында талкуулана турчу маселелер тууралуу айтып берди.

Министр белгилегендей, саммиттин алкагында Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташуусу, ЕБ менен БА өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы жолго коюу, климат, санариптештирүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат.

“Саммиттин алкагында бардык катышуучулар күн тартибине киргизилген маселелер боюнча сөз сүйлөгө мүмкүнчүлүк алат. Саммиттин иши жемиштүү болуп, тараптардын күтүүлөрүн актайт деп үмүттөнөбүз”, - деди ал.

Эскертке кетсек, “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи саммити 2022-жылдын октябрь айында Казакстандын Астанада шаарында өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн