Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:40
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ТИМ эки кыргызстандык кыз менен байланыш жок болуп жатканын тастыктады

23.03.2024 21:29
165
ТИМ эки кыргызстандык кыз менен байланыш жок болуп жатканын тастыктады


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Россиядагы элчилиги учурда дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык эки кыздын жакын туугандары менен байланышта. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.


Социалдык тармактарга Подмосковьедеги терактыдан кийин "Крокус" кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканын жазышууда.


Кыргызстандын ТИМи учурда кыздар менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын тастыктады.


"Министрлик менен Кыргызстандын элчилиги жакын туугандары менен байланышта. Алар жабыркагандар тууралуу Россия тарап расмий жарыялаган тизмеде жок. Россия бийлиги учурда тизмени жаңылоону улантып жатат", — дешти ТИМден.


"Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта болгон. Белгисиз адамдар элди аткылап, андан соң имаратта өрт чыккан. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 90дон, жабыркагандардын саны 100дөн ашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн