Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ТИМ эмне үчүн пакистандыктардын санынын көбөйгөнүн түшүндүрдү

23.08.2021 17:51
1042
ТИМ эмне үчүн пакистандыктардын санынын көбөйгөнүн түшүндүрдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги  өлкө аймагында жүргөн пакистандык жарандар боюнча расмий маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-августта министрликте Пакистандын элчисинин орун басары Тарик Али менен жолугушуу өткөрүлдү.


Дипломат Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек мигранттары экенин, бул өлкөлөргө түз аба каттамы жок болгондуктан алар Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу кетип жатышканын, коронавируска байланыштуу жабылган чек аралар кайра ачыла баштагандыктан Кыргызстанга каттагандардын агымы азаярын билдирди.


Кыргыз тараптын маалыматына караганда, адатта пакистандыктар жергиликтүү жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн келишет. Бирок быйыл июль айынан бери «Электрондук виза» порталы аркылуу туристтик виза сурап кайрылган пакистандыктар көбөйдү жана аларга 30 күнгө чейинки виза берилип жатат.


Министрлик “Электрондук виза” аркылуу кайрылгандарга виза улуттук коопсуздук органдарынын макулдугу менен берилерин, алар кооптуу адамдардын өлкө аймагына кирүүсүнө жол бербей турганын белгилөөдө.


Быйыл июль-август айларында 7,5 миң пакистандыкка Кыргызстанга туристтик виза берилгени маалым болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн