Чын курандын 06, 2025
Убакыт: 15:55
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

ТИМ кыргызстандыктарды убактылуу Израиль жана Ливанга барбай турууну эскертет

25.06.2024 10:15
257
ТИМ кыргызстандыктарды убактылуу Израиль жана Ливанга барбай турууну эскертет


Тышкы иштер министрлиги израиль-ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кыргыз жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт.

Ошондой эле ведомство Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн белгилейт.

"Аталган өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Кувейттдеги (+96525359951), Түркиядагы элчиликтеринин (+905456896800) жана КР ТИМдин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам, же консультация алуу үчүн кайрыла алышат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн