Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ТИМ кызматкеринин өлүмү. Кытай элчиси: Кытай мындай жоопкерчиликсиздикти кескин айыптайт

02.04.2021 18:03
980
ТИМ кызматкеринин өлүмү. Кытай элчиси: Кытай мындай жоопкерчиликсиздикти кескин айыптайт

Кытай элчиси ТИМдин кызматкеринин өлүмү боюнча тараган жалган маалымат тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.


Анын айтымында, мындай жалган маалымат таратуу коомго туура эмес таасир калтырат.


"Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты расмий түрдө четке кагып, Бахтияр Шакиров вакцинациядан өткөн эмес деп кесе айтты. Бахтияр Шакировдун өлүмү Кытайдын коронавирус вакцинасына байланыштуу эмес. Жеке адамдар фактыны тастыктабай туруп, социалдык тармактарда фейк жаңылыктарды негизсиз таратышты. Бул Кыргызстандын коомчулугуна терс таасирин тийгизди. Мындай иш-аракеттер Кытай менен Кыргызстандын достук мамилесине көлөкө түшүрүп тим болбостон, маркумдун арбагына акаарат келтирет. Кытай тарап мындай жоопкерчиликсиз жана достук мамилени кескин айыптайт",- деп билдирди элчи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн