Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ТИМ: "Крокустагы" терактыга шектүү КР жарандыгынан 2014-жылы чыккан

26.03.2024 17:10
91
ТИМ: "Крокустагы" терактыга шектүү КР жарандыгынан 2014-жылы чыккан


"Крокус сити холлдогу" терактыга шектелип кармалган Алишер Касимов Кыргызстандын жарандыгынан 2014-жылы чыккан. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


ТИМ Касимов Кыргызстандын жарандыгынан 2014-жылы чыкканын айтып, буга байланыштуу ал жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн компетенциясына кирбей турганын белгилеген.


Касимов сотто батирин террорчулукка шектелип кармалгандарга эч нерседен шек санабай бергенин айткан. Ал эки айга камакка алынды.


Эске салсак, буга чейин "Крокустагы" теракт боюнча сегизинчи киши кармалып, анын Кыргызстанда туулганы айтылган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн