Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтяр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон эмес. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Шакировдун денесине жүргүзүлгөн соттук-медициналык эспертизанын жыйынтыгында ал анафилактикалык шоктон каза болгон эмес.
"Лабораториялык изилдөөлөрдүн маалыматтарын эске алуу менен, Ш.Бнын денесин соттук-медициналык экспертизанын негизинде, кылмыш ишинин материалдарынын көчүрмөлөрүн изилдеп, өлүм кесепети коронардык артериялардын байкалган атеросклерозунан пайда болгон жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен келип чыккан",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн