Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Т.Икрамов: "Коррупционерлер, басып жаткан байлыгыңарды медицинага жумшагыла"

07.07.2020 14:11
1690
Т.Икрамов: "Коррупционерлер, басып жаткан байлыгыңарды медицинага жумшагыла"


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коррупционерлерден басып жаткан байлыгын элдин саламаттыгына жумшоону өтүндү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. 


Анын айтымында, коррупционерлердин айынан саламаттыкты сактоо тармагы талкаланды  


"Коррупционерлер убакыт келди! Офшорго каткан акчаңарды, басып жаткан байлыгыңарды чыгарып, элдин саламаттыгына жумшагыла. Кыйналып турган медицина тармагын каржылап, дары-дармек, препарат, кычкылтек бөлуп чыгаруучу аппараттарды алып келгиле. Болбосо элдин убалына каласыңар. Силердин айыңардан медицина талкаланды, миллиарддаган долларлар силердин чөнтөгүңөргө кетти. Россиянын президенти В. Путин орус байларына "Силердин кантип байыганыңарды билем, эл менен бөлүшчү учур келди" деп пандемия алгач башталганда эле айткан. Силер да отуз жылдап ичип-жегениңерди эл менен бөлүшчү мезгил келди!", - деп жазган депутат. 


Буга чейин Тазабек Икрамовдон коронавирус инфекциясы аныкталганы маалымдалган. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурлан
Тазабек эн туура айтат, байлар, кыйшыгынар, СЕМИЗИНЕР БАРЫНАР ЖАРДАМ БЕРИШИНЕР КЕРЕК.