Биринчи май райондук соту "бомба" тууралуу жалган маалымат берген келинди камакта калтырды. Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1994-жылы туулган Г.З. 22-августка чейин убактылуу камалды.
9-августта кечке маал «Айчүрөк» соода борборунун кардарларын жана кызматкерлерин шашылыш сыртка чыгарышкан. Ага соода борборунда бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы тууралуу анонимдүү маалымат себеп болгон.
Натыйжада атайын кызматкерлер соода борборлордон эс кандай жардыруучу зат жана барымтага алынган адамдарды аныктаган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн