Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 10:21
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Т.Сариев Мамлекеттик экология комитетинин башчысы Д.Кутманованын Кумтөргө карата санкциялардын кыскартылышы боюнча сөздөрүн четке какты

17.05.2021 16:59
2065
Т.Сариев Мамлекеттик экология комитетинин башчысы Д.Кутманованын Кумтөргө карата санкциялардын кыскартылышы боюнча сөздөрүн четке какты


Мурдагы премьер-министр Т.Сариев Мамлекеттик экология комитетинин башчысы Д.Кутманованын Кумтөргө карата санкциялардын кыскартылышы боюнча сөздөрүн четке какты.


«Анын азыр парламентте айтып жатканы чындыкка дал келбейт. Комиссиянын 2012-жылдагы иши ачык-айкын болгон. 3 топ болгон: А.Шыкмаматов жетектеген юридикалык топ, М.Байгончоков баштаган 27 адамдан турган социалдык-экономикалык топ жана Мамэкотехинспекциянын башчысы О.Артыкбаев жетектеген экологиялык-техникалык топ. Топтор өз багыттары боюнча өз өзүнчө иштеп, корутунду жана сунуштарын беришкен», - деди ал.




Т.Сариевдин айтымында, Д.Кутманова дагы Кумтөр боюнча отчетко катышкан. Анын эсептөөлөрүндө, 5 миллиард доллар суммасындагы санкциялардын суммасы болгон.


«Бирок ал кандай методиканы колдонгонуп 5 миллиард доллар чыкканын далилдей алган эмес. Буга байланыштуу техникалык-экономикалык топ өз корутундусун комиссиянын корутундусуна киргизген эмес. Андан кийин Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция 146 миллион долларды тапшырган, бирок биздин отчетто эч кандай сумма жок, муну тиешелүү мамлекеттик органдар аныкташы керек», - деди ал.


Т.Сариев кошумчалагандай, калган талаптардын бардыгы Мамэкотехинспекциядан жана Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен болгон.


«Мунун бардыгы комиссиянын корутундусунда, антип алдашпаш керек. Анын үстүнө биз Кумтөр 10 млн доллар гана бере алат деп айткан эмеспиз. Бул жалган. Ошондогу комиссиянын курамына депутаттар кирген, бүгүн алардын айрымдары жаңы комиссиянын курамында бар. Бул депутаттардын кол тамгалары да бар», - деди ал.


«Сариевге багытталган кол салуу болуп жатат. Алар 2009-жылдагы келишимден секирип өтүп, айып пулдарды, айып санкцияларын, ташталган талаптарды кечип салышып, дароо 2012-жылга өтүштү. Мен 2003-жылдан бери, алар реструктуризацияны даярдай баштаганда, Кумтөр боюнча принципиалдуу позициямды сактап келем. Мен бул афера деп айткам, ал эми "Кыргызалтын" реструктуризациялоого кызыкдар болгон», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн