Кыргызстан бюджети тажылуу вирус жараткан чектөөлөрдөн 28 млрд. сомдун тегерегинде жоготууга учурарын өкмөт моюнга алып жатат. Быйыл сырткы жана ички карызды төлөөгө бюджеттен дагы 30 млрд. сомдун тегерегинде каражат жумшалат. Мына ушуларды эске алып, андан кийин эптеп-септеп грант жана жардамдар менен 161 млрд. сомго (анын 10 млрд. сому дефицит) жеткирилген бюджеттин абалы кандай экенин элестетүүгө болот. Ал эми ишкерлердин,жалпы экономиканын жоготуусу эселеп жогору болот...
Мындай жоготуулардан кийин мамлекет социалдык милдеттенмелерин, бюджеттик кызматкерлерге айлык акы, пенсия төлөө жагынан кыйынчылыкка учурайт. Ошондуктан президент С. Жээнбеков эл аралык финансылык уюмдардан карыз сурап жатат. Азырынча Эл аралык валюта фонду 120 млн. доллардын тегерегинде насыя бөлдү. Дүйнөлүк банк, Азия банкы жана башка эл аралык финансылык уюмдардан жардам суралып жатат. Суралган жардам, насыянын өлчөмү 350-400 млн. доллардын тегереги. Аны убагы келгенде төлөш керек.
Бул учурда “Центерра” Кумтөрдөн ондогон миллиард сом чыгарып кетип жатат. Өткөн жылдын ичинде “Центерра” Кумтөрдө 600 миң 201 унций алтын казып, 827 млн. долларга сатканын жарыялады. Бюджетке салык иретинде төлөгөнү 80-90 млн. доллар экени баарына белгилүү. Демек, алтын сатуудан түшкөн акчанын ондон бири гана Кыргызстан бюджетине тийүүдө.
Алтын абдан тез кымбаттап жаткан товарлардан. Маселен, бир унцийдин баасы былтыр 1300-1400 доллар болсо, быйылкы жылы ал 1700 долларга чыгып олтурат.
“Центерра” дүйнөлүк базарда түзүлгөн мындай кырдаалдан өзгөчө пайда көрүп жатат. “Сверх прибыль” деген ушуларда. Жалал-Абад облусундагы алтын кендерде, Таластагы Жерүй жана башка жерлердеги алтын кендерде да абал ушундай.
Таажы вирус пандемиясынан Кыргызстан өтө оор абалда калды. Бийлик башчылар мамлекетти дагы карызга батырып, дагы насыя сурап жатат. Бирок кирешеге туйтунуп жаткан Кумтөр баш болгон алтын кендер боюнча маселени форс-мажор иретинде карап, эл, мамлекет пайдасына чечүүгө жөндөмсүз болуп отурат...
Айданбек Акматов, эркин журналист
Пикирлер (1)