Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

«TURAN» партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышат

12.06.2021 20:18
1618
«TURAN» партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышат


«TURAN» партиясы 12-июнда шаардык конференция өткөрдү. Бул тууралуу саясий партиядан билдиришти.

Маалыматка ылыйык, саясий жыйында Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоого депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилди. Алар партиянын райондук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлгөн. Шаардык конференцияда саясий партиянын шайлоо программасы белгиленди. Катышуучулар делегаттар, саясий кеңештин мүчөлөрү жана жарандык активисттер болду.

«TURAN» саясий партиясы азыркы бийликтин мыйзамсыз аракеттерин, жаңы Конституциянын кабыл алынышына карата өзүнүн сын-пикирин ачык билдирип келет.

«TURAN» партиясынын негизги максаты - гуманисттик принциптерге негизделген жана эркин көзкараштагы, прогрессивдүү коом менен биригүү.

Көптөгөн саясатчылар, жарандык активисттер, катардагы жарандар Турандын саясий позициясын колдошот жана шайлоочулары күн сайын көбөйүп, катары активдүү колдоочулар менен толукталууда.

«Бүгүн лидерибиз Жеңиш Молдокматов негизсиз камакта жана биздин катарда жок экендигине карабастан, биз «TURAN» командасы, акыйкаттык жана чындык үчүн күрөшүүгө бекем турабыз. Бул биздин миссиябыз! Биз БГКга шайлоого реалдуу программа жана конкреттүү кадамдар менен бара жатабыз», - деди «TURAN» партиясынын теңтөрагасы Тилекмат Кудайбергенов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн