Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:00
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

ТҮРКПА регионунда транс чек аралык билим берүүнү өнүктүрүү маселеси талкууланды

03.03.2023 09:41
324
ТҮРКПА регионунда транс чек аралык билим берүүнү өнүктүрүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеште Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын онунчу жыйыны онлайн форматта өттү.


Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “БУУнун сапаттуу билим берүү боюнча Туруктуу өнүгүү максатына (ТӨМ) жетүү үчүн ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн пост-пандемия кырдаалында транс чек аралык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуусу” болуп, уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү катышты.


Мүчө-өлкөлөрдүн депутаттары, парламенттик эксперттери жана тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, ошондой эле ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрү катышкан жыйын Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Осмоновдун төрагалыгы астында өткөрүлдү.


Жыйынды ачып жатып, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча ТүркПА Комиссиясынын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Осмонов алгач Түркия элине жер титирөөдөн болгон кайгылуу кесепеттери боюнча терең көңүл айтты. Муну менен катар, эл өкүлү Казакстан элине 19-мартка белгиленген парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.


Андан соң Комиссиянын төрагасы бүгүнкү иш чаранын транс чек аралык билим берүүгө арналган маселелер тууралуу кеп кылып, бул багытты алдыга жылдырыш үчүн ТүркПАга мүчө өлкөлөрдү бардык күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырды.


“Белгилүү болгондой, сапаттуу билим бул ийгиликтүү коомдун негизи менен ачкычы болуп саналат, ошол эле учурда бул мамлекеттин социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө да түздөн түз оң таасир тийгизет. Учурдагы активдүү глобалдаштыруу мезгилде чет өлкөдө билим алуу бул өзгөчөлүк болуп саналбай калды. Ошондуктан транс чек аралык билим берүү жакын келечекте кадыресе кубулуш болушу мүмкүн”, - деди Айбек Осмонов.


Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар ТҮРКПА регионунда транс чек аралык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча алакаларды арттыруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, бул тармактагы моделдик мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларды камсыз кылууда мүчө парламенттердин чоң ролун белгилешти.


Катышуучулар ошондой эле тиешелүү чөйрөдө мүчө-өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын жакындатуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн