Бугу 21, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

“ТҮРКСОЙ - түрк дүйнөсүнүн маданий алтын көпүрөсү” аталышында дилбаян конкурсу жарыяланды

02.02.2023 11:54
3286
“ТҮРКСОЙ - түрк дүйнөсүнүн маданий алтын көпүрөсү”  аталышында дилбаян конкурсу жарыяланды


  ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан мектеп окуучуларынын арасында “ТҮРКСОЙ - түрк дүйнөсүнүн маданий алтын көпүрөсү” аталыштагы дилбаянга  эл аралык конкурс жарыялайт.  Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.



     Маалым болгондой, кйонкурска 13-15 жаштагы мектеп окуучулары катыша алат. Дилбаяндын максаты мектеп окуучуларынын арасында өзү жашаган өлкөсүнүн улуттук маданиятына, руханий баалуулуктарына, түрк дүйнөсүнүн жалпы дөөлөтөрүнө болгон кызыгууну, сүйүүнү ойготуу, маданий дүйнөнү кабылдоо сезимин жандандыруу аракетине көмөк жана шык берүүнү көздөйт.

 

"Конкурс катышууга дилгир окуучулар дилбаянды өз эне тилинде жазат. Дилбаянда өз элинин улуттук маданиятын канчалык деңгээлде билет жана ага болгон көз карашын кеңири баян этет. 

   Дил баяндын көлөмү 2,5 беттен ашпоосу керек.

   Сынак ар бир өлкөнүн Билим берүү министрлигинин көмөгү менен өткөрүлөт, ошондой эле министрлик алдында түзүлгөн атайын комиссия эң мыкты 10 дилбаянды Анкарага, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы кеңсесине жиберет.

   Сынак мөөнөтү 1-февралдан 20- мартка чейин",- деп айтылат маалыматта.


Конкурс жеңүүчүлөрү ар кандай баалуу жана кызыктуу сыйлыктар тапшырылат.


    

Теги

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Рыспаева Индира
Эң сонун
Рухфиза
Здравствуйте
Бактыгүл
Эң жакшы,балдарга стимул болуп.
Анаш
Жакшы
Анаш
Жакшы