Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:43
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

ТҮРКСОЙ 2023-жылды “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады

09.11.2022 16:05
799
ТҮРКСОЙ 2023-жылды  “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.


Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү.


Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТҮРК-ПА уюмунун катышуусунда болуп, анда 2023-жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланды.


Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы белгилөө сунушу киргизилип, ал бир добуштан колдоо тапты.


Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (башка маалыматтар боюнча 1920-жылдын 20-сентябрында) туулган. Жети классты аяктагандан кийин, 1936-жылы ал өзүнүн чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаш көрүүчүлөр театрда өнүктүрүүнү чечет. Бакен Кыдыкеева өзүнүн таланты менен жаркырап, улуттук кинону көркүнө чыгарды.


Анын чыгармачыл өмүр баянында жүздөн ашык театр жана кино ролдору бар. Ал "Салтанат" аттуу алгачкы улуттук көркөм тасмада башкы ролду ойногон биринчи актриса болгон. Ал Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча биринчи жолу коюлган "Бетме - бет" спектаклинде биринчи болуп Сейденинин ролун ойногон.


Бакен Кыдыкеева 1970-жылы СССРдин эл артисти деген наамга ээ болуп, ошол эле жылы таланттуу актриса театрдагы теңдешсиз эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Андан кийин 1977-жылдагы Бүткүл союздук кинофестивалдын “Актёрдук иш үчүн сыйлык” номинациясынын ардактуу лауреаты болот.


Аны тасмага тартууга коңшулаш, өзгөчө өзбек киностудиялары байма-бай чакырып турушкан. Анын ысымын учурда борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театры жана бир көчө алып жүрөт. Театр өнөрпоздоруна ыйгарыла турган Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык бар.


Бакен Кыдыкеева катышкан тасмалар: “Салтанат”, 1955-ж., “Токтогул”, 1959-ж., “Ашуу”,1961-ж., “Ак тоолор”, 1965-ж., “Биринчи мугалим”, 1965-ж., “Саманчынын жолу”, 1967-ж., “Жрогонун жүрүшү”, 1968-ж., “Караш-караш окуясы”, 1969-ж., “Комиссар”, 1969-ж., “Бабалар сыры”, 1972-ж., “Көчө”, 1973-ж., “Жолугушуулар жана коштошуулар”, 1974-ж. ж.б.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн