Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

ТҮРКСОЙ уюму "Манас" театрына автоунаа белек кылды

05.12.2022 09:16
1524
ТҮРКСОЙ уюму "Манас" театрына автоунаа белек кылды

Кыргыз Улуттук «Манас» театры алгачкы жолу музыкалык аспаптардын коштоосунда “Айкөлдүн аманаты” аталышындагы драмалык спектаклин чоң сахнага алып чыкты. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Спектакль 4-декабрь “Манас күнүнө карата Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында көрүүчүлөргө сунушталды. 


Спектакль Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү манасчы, драматург жана төкмө акын Табылды Актановго тааныдык.


Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министир Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, белгилүү коомдук- маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.


Алгач көрүүчүлөргө “Айкөлдүн аманаты” спекткли сунушталып, андан соң расмий катышуучуларга сөз берилди.


Анда бүгүнкү күндөгү “Манас” эпосунун орду жана ролу, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар, театрда эмгектенген артисттердин аталган спектаклди чоң сахнага алып алып чыгуу иштери, ошондой эле, #Манас эпосунун улуттун уңгусу катары даңазаланышы, дүйнө элинде мындай ири көлөмдүү эпостун жоктугу, анын күнүмдүк турмуштагы мааниси тууралуу сөздөр айтылды.


Ошондой эле, мамлекет тарабынан “Манас” эпосун сактоо жана даңазалоо боюнча атайын жарлыктын чыгышы, “Манас” Улуттук театрынын негизделиши, имаратка ээ болушу, республикалык бюджеттен атайын айлык акы төлөнүп, мындай сейрек кездешүүчү өнөр ээлерине болгон мамиленин узгүлтүксүз уланышы жана Кыргызстанда “Манас” эпосуна болгон астейдил мамиле баса белгиленди.


Андан соң, өнөр адамдарына Кыргыз Республдикасынын Жогорку Кеңешини жана Кыргыз Республикасынын Маданият , маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстолук сыйлыктары жана меценат Нургалы Асаналиев тарабынан бир катар манасчыларга 2 бөлмөлүү үйдүн документтери тапшырылды.


Иш- чаранын аягында Улуттук "Манас" театрына "Түрксой" эл аралык уюму тарабынан жеңил автоунаа тапшырылды.


Эске салсак, Улуттук “Манас” театры тарабынан бул күндөрго чейин бир катар иш- чараларды уюштуруп өткөрүлдү.

Алар, “Манас” эпосунун күнүн утурлай маркум манасчы, акын, Салимбай Турсунбаевдин варианты боюнча жарык көргөн “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз-Салимбай” аттуу китептеринин бат ачар аземи, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгын тастыктаган сертификаты Улуттук тарых музейге тапшыруу аземдери өткөн.


Ага чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-декабрда, «Манас» эпосун 124 саат бою тынбай айткан үчүн Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаковду кабыл алган.


Ал эми, бүгүнкү күндө Айкөл Манастын эстелигин Астана шаарында орнотуу боюнча уюштуруу иш-чаралары жүрүп жатат. Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча Координациялык планынын алкагында жетишилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн