Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Таабалды Тиллаев: “Мекеним Кыргызстан” боюнча кийинчерээк жооп берем

05.06.2020 15:28
1497
Таабалды Тиллаев: “Мекеним Кыргызстан” боюнча кийинчерээк жооп берем

- Таабалды мырза, 3-июнда “Мекенин Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин жыйынына катышып, ошол партия менен шайлоого аттанууну чечкен экенсиз. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар?


- Бул боюнча азырынча комментарий бергеним туура эмес болуп калат. Бирок, элге кызмат кылуу үчүн шайлоого катышуу маселесин карап жатабыз. Аны шайлоочуларым менен да кеңешем. Андыктан сиздерге кийинчерээк жооп берейин.


- Элге депутат болбой деле кызмат кылса болбойбу?


- Албетте, болот. Кыргызстанда депутат болбой эле элге кызмат кылып, көпчүлүктүн ажатын ачып жаткандар аз эмес. Мен өзүм деле депутат болгонго чейин мындай иштерди аткарып жүргөмүн. Бирок, алыскы Баткен облусундагы өтө курч маселелерди мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, алардын чечилишине көмөк көрсөтүү үчүн Жогорку Кеңеште болуу маанилүү деп эсептеймин. Кайсы партиядан шайлоого аттансам да негизги максатым – кыргыз элине кызмат кылуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн