Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таалайбек Ибраев Энергетиктер күнүнө карата энергетика тармагынын ардагерлери менен жолукту

21.12.2022 12:20
353
Таалайбек Ибраев Энергетиктер күнүнө карата энергетика тармагынын ардагерлери менен жолукту



Бүгүн,  21-декабрда Энергетиктер күнүнө арналган энергетика тармагынын ардагерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга энергетика министри – Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары, “Улуттук энергетикалык холдинг” ААК башкармалыгынын төрагасы, “КУЭТ” ААКтын башкы директору,КР энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышты.


КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы жетишкен ийгиликтер, алдыдагы пландар тууралуу кеп кылып, андан соң энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 


«Энергетика системасын түптөп жана аны өнүктүрүүгө кошкон зор салымыныздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер түптөгөн энергетика тармагын биз кийинки муунга татыкту өткөрүп беришибиз керек. Учурдагы иштеп жаткан энергетиктер ар дайым сиздер менен бирге болууга аракет кылабыз. Себеби, сиздердин кеңеш, тажрыйба сиз үчүн өтө маанилүү. Энергетика кесиби чоң күчтү, кайраттуулукту жана токтоолукту талап кылат. Бул кесип көптөгөн жылуу сөздөргө жана урмат-сыйга татыктуу. Тармактын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет жана жан аябаган эмгеги учун ыраазычылык билдирем»- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн