Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таалайбек Ибраев авариялык өчүрүү болсо жоопкерчилик аларын айтты

19.01.2023 11:26
177
Таалайбек Ибраев авариялык өчүрүү болсо жоопкерчилик аларын айтты

Эгер авариялык өчүрүү болсо мен жоопкерчилик алам. Мындай пикирин Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, энергетика тармагындагы бүгүнкү кырдаал министрликтен көз каранды эмес.


"Биз кышка даярдык мезгилинде бардык шарттарды эске алганбыз. Алардын катарында электр энергиясынын көп колдонулушу жана жылуулук электр борборлорунун ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу.

Бүгүнкү күндө электр энергиясы генерациядан ашыкча пайдаланып жаткандыктан өчүрүүлөр болууда. Бизде ашыкча электр энергиясы жок. Мен бир күндө ГЭС кура албайм. Эгер ал мүмкүн болгондо жоопкерчилик алмакмын. Мен жоопкерчиликтен качпайм. Эгер авариялык өчүрүү болсо, жылуулук берилбей калса жоопкерчилик алууга даярмын",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн