Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Таалайбек Ибраев калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырмасын берди

15.02.2023 09:18
154
Таалайбек Ибраев калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырмасын берди





Бүгүн, 2023-жылдын 14-февралында КРдин энергетика министри Таалайбек Ибраев, "КУЭТ" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков Талас электр тармактары ишканасынын жамааты менен жолугушту.  Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,  жыйындын алкагында аталган компаниянын жетекчилиги 2022-жылдагы жасаган жумуштарынын отчету тууралуу маалымат берип, 2023-жылга коюлган пландарын айтып өттү.

 


Мындан тышкары министр Таалайбек Ибраев энергетиктер менен болгон суроо-жооптон соң, калкты үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин милдети экенин баса белгилеп, кызматкерлерди жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды. Кызматкерлерге штаттан тышкаркы абал жаралган учурда, ыкчам аракеттерди көрүү керектигин билдирди. Мындан тышкары генерацияны көбөйтүү, инвестор тартуу, жашыл энергетикага көңүл бөлүү, акылдуу эсептегичтерди орнотууну тездетүү ж.б. маселелер каралды.


«Барган сайын электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны көбөйүдө. Биз калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр болушубуз керек. 2023-2024-жылы күз-кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн ар бир РЭТте бештен авариялык запастык трансформатор болушу керек» - дейт министр.


Жыйындын соңунда министр Таалайбек Ибраев январь айында болгон катуу суукта калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү үчүн штаттык режимде иштеп, күнү-түнү кызмат кылган ишкананын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн