Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев эки айга камакка алынды. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды.
Белгилүү болгондой, соттук отурум 4-августта өтүп, Нуралиевдин баш коргоо чарасы каралган. Соттун чечимине ылайык ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
Эскерте кетсек, Нуралиев кызмат абалынан пайдаланып системалуу коррупциялык иштерге барган деп айыпталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн